• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

БШКнын төрайымы менен Тилек Токтогазиев кайым айтыша кетишти

25 Баш оона 2020 18:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, жумушчу топтун мүчөлөрү, партия өкүлдөрү жана журналисттердин катышуусунда маалымат жыйыны өтүп жатат.

Анда шайлоого карата партиялардын БШКга берген документтери тууралуу жумушчу топтун маалыматы угулду. Андан соң партия өкүлдөрүнө БШКнын төрайымына суроо берүүгө мүмкүнчүлүк берилди

Тилек Токтогазиев «Кыргызстан» партиясынын айланасында жаралган түшүнбөстүктөр тууралуу маалымат берилбей жатканын айтып нааразы болду. Буга БШКнын төрайымы учурда жумушчу топтун отчёту каралып жатканын, партиялар боюнча маалымат 24 сааттын ичинде каралып баа берилерин белгиледи.

“Саясий айдыңга талапкер болуп бара жаткандан кийин адегенде туура сүйлөгөндү үйрөнүүнү сага кеңеш кылам. Бул жакта сенин оюңа келген нерселер эмес, карала турчу маселелер каралышы керек”,– деди Шайлдабекова.

Ошондой эле ал Токтогазиевге шайлоого алгач катышып жаткандыктан белгиленген тартиптен чыгып кетип жатканын эскертип, атаандаштарын урматтоого чакырды.

Количество просмотров: 6697