• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

“Бурана Гранд” ЖЧКсынын директору кармалды

8 Бештин айы 2023 15:00 Бишкек Govori.TV

“Бурана Гранд” ЖЧКсынын директору И.У.И. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашаты.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, ал КР УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалды.

2023-жылдын 30-ноябрында ага кылмышка кошо катышуу деген айып тагылып, 2024-жылдын 4-январына чейин КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМК тергөө абагына киргизилди.

И.У.И. жана анын шериги “Эмарк Групп” ЖЧКсынын директору айыпталуучу Ч.А. К.Асанбектин кылмыштуу аракеттерин билишип, ал кылмыштуу чөйрөнүн курамында ишкерлерден опузалап алып, акча чогултуп жатканын билишип туруп, К. Асанбек менен сүйлөшүүлөргө барышып кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) аракеттерин жасашканы, атап айтканда К.Асанбектин кылмыштуу каражаттарын кыймылсыз мүлккө колдонушканы аныкталды. Тактап айтканда, И.У.И. жана Ч.А. К.Асанбек жана анын жакын адамы А.Боотаев менен сүйлөшүүлөргө барып, кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын жашыруу жана кыймылсыз мүлккө инвестициялоо максатында 2022-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында (курорттук-рекреациялык аймак) жайгашкан 4 га жер тилкесин “Бурана-Гранд” ЖЧКсынан “Каганат Резорт” ЖЧКсынын пайдасына формалдуу сатып алуу келишимин түзүшкөн.

Жогоруда аталган жер тилкесинде К.Асанбектин өкүлдөрү кылмыш жолу менен алынган каражатка кымбат баалуу пансионат куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Келишимге ылайык, пансионатты иштеткенден кийинки пайда төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшү керек болчу: И.У.И. менен Ч.А. – 22%, К.Асанбекке – 40% жана А.Боотаевге – 38%. Ошол эле учурда И.У.И. менен Ч.А. К.Асанбек менен жеке жолугушууларды өткөрүп, 1,5 миллион АКШ долларынан ашык киреше алууну пландашкан.

Колдо болгон маалыматтарга караганда, К.Асанбек өзүнүн кылмыштуу кирешесин легализациялоо максатында Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан “Парк Авеню” турак жай комплексин куруп жаткан “Бурана-Гранд” ЖЧКсынын курулуп жаткан объектилерине акча каражатын салган. Мындан тышкары, компания учурда борбор калаадагы цирктин тегерегиндеги 36 сотукка жакын жерге “Бурана Пелес” турак жай комплексин куруп жатат.

Ошондой эле, И.У.И. Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылындагы 33,85 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер аянтына, ошондой эле Бишкек шаарында 204 м2 аянттагы кымбат батирге ээ. Дагы, ал курулуш, соода жана тейлөө чөйрөсүндөгү үч ЖЧКнын тең негиздөөчүсү.

Учурда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар кошумча адамдарды жана кылмыш жолу менен алынган башка мүлктөрдү аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 538