• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бурулайдын денесинде «Н+Б=Х» деген жазуулары көрүнгөн сүрөт интернетке тарады

10 Баш оона 2018 14:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек 10.08.2018. Govori.TV

Бурулайдын денесинде «Н+Б=Х» деген жазуулары көрүнгөн сүрөт Facebook социалдык тармагында жарыяланды.
Милиция буга чейин Бурулайдын денесинде эч кандай тамгалар жок экендигин билдирип, ал дефибриллятордун тактары экендигин маалымдаган.
Буга чейин 19 жаштагы Бурулай Турдалиеваны 2018-жылдын май айынын аялында Жайыл РИИБдин имаратында аны ала качып бара жаткан жеринен кармалган жигит өлтүргөн.
Кыздын атасы Бурулайдын денесинде тамгалар жазылганын айткан. Бирок, милиция аны чекке каккан болчу. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында дагы бул дефибриллятордун тактары экендиги жазылган.

Фото Marat Erkin.

Фото Marat Erkin.

«Бурулайды акыркы сапарга узатар күнү журналисттердин бири анын денесин сүрөткө тартып алууну өтүнгөн. Эми бул жалгыз сүрөт Бурулайды ала качкан жигит аны Жайыл РИИБдин имаратында кыйнап өлтүрүлгөндүгүнүн далили. Сүрөттөгү дене Бурулайдыкы экенин анын атасы далилдеп бере алат», — деп жазат сүрөттү жарыялаган колдонуучу Marat Erkin.
Количество просмотров: 32