• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Бут кийими менен шымы табылган». Ысык-Көлдө жоголгон казак жаранын издөө токтотулду

21 Теке 202114:34 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жоголгон Казакстандын жараны 29 жаштагы Варвара Конопасевичти издөө иштерин токтотту. Мекеме мындай сунушту Конопасевичтин үй-бүлөсү бергенин жана Каракол дарыясынан анын бут кийими менен шымы табылганын билдирди.

15-июлда Орусиядан беш турист келип Каракол-Алакөл жайлоосуна барышкан. Алар жайлоодогу көпүрөдөн өтүп отун тергени кетишкен. Варвара Конопасевич көпүрөнүн берки бетинде калып дайынсыз жоголуп кеткен. Алгач ал Орусиянын жараны экени кабарланган эле.

Количество просмотров: 2117