• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бычакталып каза болду деп жаткан Бурулайдын иши жабылуу алдында турат

10 Баш оона 2018 9:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек 10.08.2018. Govori.TV

Бычакталып каза болду деп жаткан Бурулайдын иши жабылуу алдында турат Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон 20 жаштагы Бурулайдын иши жабылып калганы турат. Бул тууралуу маркумдун атасы Турдали Кожоналиев өзү билдирди.
«Экинчи жолу жасалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында кызымдын көкүрөгүнө бычак менен жазылган тамгалар болгон эмес деп чыгарышкан. Менин колумдагы далил сүрөттөрдү көргөзсөм, ал дефибриллятор медициналык аппаратынан калган так экенин айтты. Ошондо дарыгерлер дефибриллятор менен сүрөт тартып ойногон болуп калабы»? Ал эми кызымдын өлүмүнө жол ачып берген милиция кызматкерлерине карата бир гана «шалаакылык» беренеси менен иш козголгону жатат. Бурулайдын өлүмүнө тиешелүү адамдар тиешелүү жазасын албай, иш ушуну менен жабылып калуу алдында турат. Бир нече күн мурун Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кабыл алмак. Ага жалгыз барбай адвокаттарым менен барайын десем, адвокаттарымдын соттук отуруму бар болгондуктан, бошой албай калышты. Андан бери өзүбүз чакырабыз деген бойдон кабар жок», — деди Бурулайдын атасы.
Количество просмотров: 18