• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Быйыл Жаңы жылда майрамдык фейерверк атылбайт

6 Бештин айы 2021 12:05 Бишкек Govori.TV

Быйыл Жаңы жыл түнү Бишкектеги борбордук «Ала-Тоо» аянтында майрамдык салют атылбайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, экологиялык себептерден улам Жаңы жылдагы салттуу, майрамдык фейерверкти уюштурбоо чечими кабыл алынды. Баш тартуудан улам пайдаланылбай калган каражат (800 миң сом) башка маанилүү максаттарга пайдаланылат.

Муниципалитет баш калаадагы экология менен коопсуздукту сактоо максатында элди петардаларды сатып албоо жана жаңы жылдык майрамдоо учурунда колго жасалган фейерверктерди колдонбоону өтүнөт.

Количество просмотров: 459