• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чүй облусунда капчык ууру кармалды

20 Бугу 2021 11:00 Бишкек Govori.TV

Маалыматка ылайык, Ыссык-Ата РИИБна 34-жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Ю.А. арыз менен кайрылып, ал 2021-жылдын 7-майында саат 11:20 чамасында белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Кант шаарынын борборунда токтоп труган»Мерседес Спринтер» маркасындагы унаанын эшигин талкалап, акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген зыяндын көлөмү аныкталды.

Бул факт Ысык-Ата районунун ИИБнүн КЖБР Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200 (урдоо) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 49-жаштагы К.У. Бишкек шаарынын тургуну кармалган.

«Жогоруда аталган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары КР Ички иштер министрлигинде ыкчам каттоосунда турганы билинген. Жогорудагы адамга карата Жалал-Абад облусунун аймагында КЖБР Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) фактысы менен козголгон иш бар экени белгилүү болгон, ал ушундай эле жол менен Жалал-Абад облусунун көчөлөрүнүн биринде токтоп турган унаанын ичинен 390 миң сомдон ашык акчасын уурдап, ага карата издөө иши козголгон. Чүй ОИИБдин кызматкерлери жогорудагы адамдын Чүй облусунда жасалган ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгын текшерип жатышат. Ал райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген, тергөө иштери уланып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Количество просмотров: 366