• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чүйдө эркек киши бөтөлкөлөштөрүнө бычак сайып, анын бири каза болгон

3 Кулжа 2021 10:45 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда киши өлтүрүү жана денеге оор жаракат келтирүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык кечээ, 2-июнь күнү Аламүдүн РИИБне Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине эркек киши бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандагы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Маалыматтын негизинде Аламүдүн РИИБнин ыкчам тергөө тобу дароо көрсөтүгөн дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда 1979-жылы туулган Д.Н. аттуу жаран алган жаракаттарынан улам эсине келбей ооруканда каза болгондугу аныкталган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Окуянын келип чыгуу себептерини аныктоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан ар тараптуу ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында жогорудагы кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 1979-жылы туулган Э.Р. аттуу экенди такталып, колго түшүрүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү учурунда, Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине дагы бир жаран бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымдалган. Аламүдүн РИИБнин ыкчам тергөө тобу чыгып, териштирүү учурунда 1980-жылы туулган Ч.У. аттуу жаран денесине бычактан алган жаракатынан улам жаткырылганы аныкталып, бул окуяга да жогорудагы эркек кишиин катыштыгы бар экендиги такталган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Алдын ала териштирүү учурунда, кылмышка шектүү жана оорканага түшкөн эки жаран үчөө ичимдик ичишип отурушуп, ортодо чыккан чыр-чатактан улам уруша кетишип, жыйынтыгында эки жаран бычактан жаракат алып, бири ооруканада каза болуп, экинчиси мас абалында болгон үчүн бир топ убакыт өткөндөн кийин ооруканага кайрылганы маалым болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 218