• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чүйдө күйөөсү аялын тирүүлөй аңга көмүп салган

23 Чын куран 2021 17:17 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Панфилов районунда күйөөсү аялын тирүүлөй көмүп салган. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 22-апрель күнү болгон. Панфилов РИИБине 24 жаштагы жергиликтүү тургундан кошунасы аялын көмүп салганын билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 35 жаштагы күйөөсү мас абалында үйүнө келип, 33 жаштагы аялын кызганычтан улам сабап, андан кийин үйдүн артына алып барып аңга түртүп, белине чейин көмүп салган. Бул окуяны көргөн кошуналары жардам чакырып, аялды аман алып калышкан. Сурак учурунда күйөөсү кылган ишин моюнга алып, кызганычтын айынан аялын ушундай жол менен коркуткусу келгенин айткан. Бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1111