Бишкек. 22.03.2019. Govori.TV

Чүйдө Lexus унаасынын айдоочусу бир кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол коопсузудугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун 15-чакырымындагы Алга айылынын аймагында саат 21:30 чамасында болгон.  

1998-жылы туулган айдоочу өзүнүн Lexus унаасын башкарып бара жатып, жолдун ортосунан азият улутундагы жашы болжол менен 35-40 жаштагы кишини коюп кеткен.  Учурда анын өздүгү тактала элек. Маркумдун денеси Кант шаарындагы өлүкканада кармалууда.