• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чүйдө мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды аныктоо боюнча рейд өттү

1 Баш оона 2022 18:21 Бишкек Govori.TV

Чүй районунда жергиликтүү милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 13-июлдан 26-июлга чейин “Арсенал” ыкчам издөө жана алдын алуу рейди уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин бузууга жол бербөө, ок атуучу куралдарды колдонуу менен кылмыш жасоону болтурбоо, мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды аныктоо максатында өткөрүлгөн.

«Андан сырткары, мергенчилик ок атуучу куралдары, травматикалык куралдары, ошондой эле сыйлама курал-жарактары бар жарандардын курал-жарак сактаган жайлары жеринде текшерилип, тактоо иштери жүргүзүлдү. Ок атуучу куралдарды сактоо жана кайра каттоо эрежелерин бузган жарандарга жалпысынан 7 протокол түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана ок-дарыларды өз ыктыярлары менен өткөрүп берүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында бир жаран 1 ок атуучу куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

Количество просмотров: 185