• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Чүйдө пакистандык жумушчулар дайынсыз жоголду

28 Теке 2021 16:20 Бишкек Govori.TV

Сокулукта ишканадан чыккандан кийин дайынсыз болуп жаткан чет өлкөлүк 4 жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-июлда Сокулук РИИБге жеке менчик ишкананын өкүлү арыз менен кайрылып, жумушчуларын таап берүүнү өтүнгөн. Анда Шопоков шаарындагы ишканалардын биринде иштеп жүргөн Пакистандын Жамиль Мухаммад, Лиакат Мцхаммад, Ифтикар Мухаммад, Али Карамат аттуу жарандары 26-июль күнү жумуштан чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда бул факты боюнча ар тараптуу ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 212