• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Чүйдө таксистти тоноп кеткенге шектүүлөр кармалды

30 Теке 2021 9:55 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБине 1963-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 27-июль күнү айдоочунун унаасына Бишкек шаарындагы «Ош базарынан» кардарлар отуруп, ГЭС-5 айылына жеткирип коюусун суранган. Болжол менен саат 21:00 чамасында көрсөтүлгөн дарекке жеткен учурда арткы орунда отурган балдардын бири айдоочуну муунтуп, башкасы автоунаанын ачкычын жана телефонун тартып алган. Айдоочу бейтааныш балдардын колунан качып, унаасындагы бычак менен өзүн коргогонго аракет кылган. Ошол учурда балдар белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 1997-жылы туулган Б.Н., 1992-жылы туулган А.А. жана 2002-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жарандар кармалды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 71