Чүйдөгү Ивановка айылына жакын аймакта жол кырсыгы катталып, унаа экиге бөлүнүп калган. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Жол кырсыгынын видео «Короче» аталышындагы Телеграм-каналга жүктөлдү.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 25-апрелде, болжол менен саат 17:00дө болгон.
«Айдоочу чыгыштан батышты көздөй бараткан. Ал унаасын Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 36-чакырымында башкара албай, оодарылып кеткен», — деп айтылат маалыматта.
Жаракат алган айдоочу менен жүргүнчү ооруканага жеткирилди.