• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чагымчыл билдирүүлөрдү таратканга шектелип кармалган аялдарды бошотуу талабы айтылды

27 Бугу 2021 16:39 Бишкек Govori.TV

Өкмөт үйүнүн жанында бүгүн, 27-майда Панфилов районунун 15 чакты тургуну акцияга чыгышты. Алар убактылуу камакка алынган 2 аял кишини коргоп, камактан бошотууну талап кылууда.

Буга чейин Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы Панфилов районунда чагымчыл билдирүүлөрдү тараткан аял кишилер кармалганы тууралуу маалымат берген.

5-май күнү милиция кызматкерлерине түшкөн аудио билдирүүдө Чалдовар айылынын жашоочуларын белгисиз аял киши: «Тажикстандын жарандарынан кутулалы», — деп чакырган. Бул факт майда бейбашчылык болуп катталган.

Бул аудио билдирүүгө карата экспертиза да дайындалган. Анын жыйынтыгы менен улуттар аралык кастыкты козуткан деп аныкталып, майда бейбашчылык Жазык кодексинин 313-беренесине (Расалык, этникалык, диний жана улуттар аралык кастыкты козутуу) которулган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Бул тууралуу соцтармакта да адамдардын милиция кызматкерлери менен айтышып жаткан видеосу тараган. Анда белгисиз адамдар, кармалган айымдарды кое берүүнү талап кылып, милициянын имаратынын алдында жүрүшкөнүн көрүүгө болот.

Количество просмотров: 259