• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чагымчылдык билдирүүлөрдү таркатты делген аял кармалды

31 Жалган куран 2020 10:10 Бишкек Govori.TV

УКМКнын кызматкерлери тарабынан чагымчылдык билдирүүлөрдү социалдык тармактарга жарыялаган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Бишкек шаарынын Т.Ч. аттуу тургуну социалдык баракчасына (Facebook) региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга багытталган билдирүү жарыяланган. Бул факт Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча катталды.

«Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

УКМК провокациялык жана ушул сыяктуу башка материалдарды тараткан адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Количество просмотров: 213