• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Чала таанышын дары берип уктатып, акчасын тоноп кеткен аялды кармады

2 Аяк оона 2022 12:57 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында милиция кызматкерлери чала таанышын дары берип уктатып, 60 миң сом акчасын тоноп кеткен аялды кармады.

Шаардык милициядан билдиргендей, ал 3-июлда Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде жашаган улгайган аял менен таанышып, анын ишенимине кирип, үйүнө келген. Андан кийин үй ээсинин ден соолугуна пайдалуу экендигин айтып 3 даана белгисиз дарыны берген. Натыйжада дарыларды ичип алган жабырлануучу эч-учун жоготуп койгон.

Шектүү кырдаалдан пайдаланып жабырлануучунун 60 миӊ сом акчасын алып чыгып кеткен.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү Р. Х. 30-август күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Кылмыш-хаза кодексинин 205-беренеси («Уурулук») менен кылмыш иши козголду.

Ош шаардык соту тарабынан шектүүнү тергөө иштери аяктаганга чейин 15 күнгө абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.

Белгилей кетсек, кылмышка шектүү уурулук жана алдамчылык кылмыштары боюнча мурда бир нече ирет сот жообуна тартылган.

Количество просмотров: 165