• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Чехияда көмүр шахтасындагы жарылуудан каза тапкан кенчилердин саны 13кө жетти

21 Бештин айы 201815:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.12.2018.Govori.TV.

Чехияда көмүр шахтасындагы жарылуудан каза тапкан кенчилердин саны 13кө жетти. Бул тууралуу чех маалымат каражаттары 21-декабрда кенди иштеткен компаниянын өкүлдөрүнүн айтканына таянуу менен кабарлашты.

OKD мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 20-декабрда баш калаа Прагадан чыгышты көздөй 300 чакырым алыстыктагы Карвина шаарынын жанындагы CSM көмүр шахтасында 800 метр тереңдикте метан газы жарылган.

Алгач беш адам каза болгону ырасталып, сегиз адамдын дайыны чыкпай жатканы кабарланган. Көмүр компаниясы жабыркагандардын көбү польшалык кенчилер экенин билдирүүдө.

Жергиликтүү «Idnes» басылмасы каза тапкандардын 11и Польшанын, экөө Чехиянын жарандары экенин маалымдады.

Теги:
Количество просмотров: 96