2030-аскер бөлүгүндө келишимдик негизде иштеп жаткан аскер кызматы куралды туура эмес колдонуп курмандыгы болду. Бул туурасында Govori.TV сайтына чек ара кызматынын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматта «2017-жылдын жазында аскерге чакырылган катардагы жоокер капыстан ефрейторду атып алган. Ал ефрейтор алган жаратынан ооруканага жетпей каза болгон. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жеринде иштеп жатканы айтылды»-деп жазылат.
Белгилей кетсек, №2030 чек ара аскер бөлүгү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан.