• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Чек ара чыры: Бишкекте кан бергени келгендер көп

17 Аяк оона 2022 10:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-сентябрь эртең менентен бери Республикалык кан борборуна кан берүү үчүн келген жарандардын саны арбын.

Белгилей кетсек, алар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандар үчүн кан берип жатышат.

Каалоочулар Бишкектеги жана башка бардык облустардагы кан борборлоруна барып, тапшыра алат. Жарандардын жанында паспортун же тек-жайын ырастаган башка документи болууга тийиш.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыргыз тараптан кеминде 24 адам каза таап, 87 адам жарадар болгонун Саламатык сактоо министрлиги маалымдаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кагылыштан улам коопсуз жакка кетүүгө аргасыз болгондордун саны 136 миң адамга жеткенин билдирүүдө.

Количество просмотров: 168