• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Чек ара чырында документин жоготкон 17 жаран жаңы паспорт алды

18 Бугу 202114:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 18-майда, чек ара чырында өздүгүн аныктоочу 17 жаранга өздүгүн аныктоочу жаңы паспорт берилди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан ID-кард үлгүсүндөгү паспорт алуу үчүн 49, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн 2, нике күбөлүгүн алуу үчүн 1 жарандын арызы кабыл алынган.

Кырдаалга байланыштуу Баткен шаарындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды кабыл алуу борбору (ЦОН) иштөө тартибин өзгөртүп, эрте мененки саат 8:00дөн, кечки саат 20:00гө чейин иштеп, документтерди кабыл алуу жүрүп жатат.

Количество просмотров: 87