2022-жылдын 17-сентябры саат 16:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 122 жабырлануучуну түзөрүн, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабаралашты.
Кошумчалангандай, учурда Баткенден жабыркагандардын айрымдары атайын учактар менен Бишкектеги саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилип жатат, такталгандан кийин кошумча маалымат берилет.