• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Чек арадан мыйзамсыз өтүү», «Киши өлтүрүү». Баткендеги окуяларга байланыштуу 11 иш козголду

2 Бугу 2021 17:27 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги чек арага чектеш аймактарда катталган фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөөнү баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен кыргыз тарап көптөгөн зыяндарга учураган.

«2-майга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз-Тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуулардын жүрүшүндө жасалган кылмыштар боюнча 11 материал катталган. Алардын ичинен 8 ишти Баткен РИИБинин тергөө кызматы, 3 кылмыш ишти Лейлек РИИБинин тергөө кызматы иликтеп жатат. Баткен облусундагы иликтене турган иштердин өтө көп экендигине байланыштуу жергиликтүү тергөөчүлөргө жардамга ИИМдин тергөө кызматынан жыйырма тажрыйбалуу кызматкер жөнөтүлдү. Учурда келтирилген чыгымдын эсеби такталууда. Иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдар: Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинде (массалык баш аламандык), 380-беренесинде (тынчтыкка каршы кылмыш), 210-беренесинде (башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же талкалоо), 266-беренесинде (бейбаштык), 358-беренесинде (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү), 130-беренесинде (киши өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери, анын ичинде куралдан атуунун кесепетинен Лейлек районундагы он эки жаштагы кыздын өлүмү, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Головной тилкесинде миномёттен атылган октон 25тен ашык жергиликтүү тургундардын массалык түрдө өлтүрүлүшү (саны такталып жатат), жолдордогу унааларды аткылоо, анын ичинде да курман болгондор катталган.

29-апрель күнү таңга маал кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 178 адам жаракат алып, 34 адам каза болду.

Количество просмотров: 208