• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Чет элдик өкүл» мыйзамынын айланасындагы ача-пикир

3 Тогуздун айы 2023 17:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети «Чет элдик өкүл жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда кабыл алды.

Долбоордун демилгечилери катары төмөнкү депутаттар көрсөтүлгөн:

Надира Нарматова, Жылдыз Садырбаева, Гүлшаркан Култаева, Жаныбек Кыдыкбаев, Шайырбек Ташиев, Нурбек Алимбеков, Кундузбек Сулайманов, Карим Ханжеза, Жусупбек Коргонбай уулу, Айбек Маткеримов, Таалайбек Сарыбашов, Фархат Исмаилов, Аманкан Кенжебаев, Искендер Матраимов, Замирбек Мамасадыков, Нурлан Ражабалиев, Алишер Эрбаев, Жеңишбек Токторбаев, Максатбек Сарбагышев, Султанбай Айжигитов, Айгүл Айдарова, Элдар Сулайманов, Акылбек Түмөнбаев, Динара Исаева, Арсланбек Малиев.

Демилгечи депутат Надира Нарматова мамлекеттик эмес уюмдарды көзөмөлдөө керектигин айтып, эмне үчүн бул талаштуу мыйзамды демилгелеп жатканына токтолду.

«Учурда коом өзгөрдү, түрдүү пикирлер бар. Ошого байланыштуу «Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу» мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүгө мажбур болуп жатабыз. Өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жалпы коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчеттуулукта ачык-айкын көрсөтүлүшү керек»,-деди Нарматова.

Саясат талдоочу Алмаз Тажибай “Чет элдик өкүл жөнүндө» мыйзамдын кесепеттерин атады. Анын айтымында, мыйзам долбоору кабыл алынса, «Кыргызстан демократия аралы» деп айта албай калабыз.

«Мыйзам долбоору бир гана бейөкмөт уюмдарына тиешелүү дегендер жаңылышат. Документ сын-пикир айткандардын оозун жабууга багытталган. Депутатар долбоор кандай коркунуч алып келе турганын түшүнбөй жатышат»,-деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өкмөт баш болуп чет өлкөдөн каржылык колдоо алып жүргөнүн белгилеп, бул талаштуу мыйзам парламенттен өтпөсө керек деген пикирин айтты.

«Биздин депутаттардын «чектеш керек», «текшериш керек» деген мыйзам долбоорлорун сунуштаганына каршымын. Мыйзам долбоорунда «Чет элдик өкүл» деп айтылып жатат. Мисалы, Жогорку Кеңештин компьютерлерин 8 миллион долларга Түштүк Корея аз күндө жаңылап бергени турат. Анда парламент депутаттары да «чет өлкөлүк тыңчы» болуп калабы? Бул мыйзам долбооруна биз каршыбыз»,-деди депутат.

Эске салсак, бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган.

Ошол эле учурда буга чейин Бактыбек Чойбеков, Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев жана Шайлообек Атазов мыйзамга автор болуудан баш тартышкан.

Ал эми “Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Количество просмотров: 146