• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чолпон-Атадагы таксисттердин мушташына катышкан жарандар аныкталды

1 Баш оона 2022 11:26 Бишкек Govori.TV

28-июлда кыргыз сегментинин социалдык тармактарында Чолпон-Ата шаарында таксисттердин мушташы тартылган видео тараган. Ысык-Көл РИИБдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, бул окуя боюнча эч ким арыз менен кайрылган эмес.

Видео тасмага тартылган окуя Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Маалыматта айтылгандай, териштирүү иштеринин жүрүшүндө, аталган окуя 26-июлда болжол менен саат 03.00 чамаларында Бактуу-Долоноту айылынын аймагында орун алган ат майданынын жанында орун алгандыгы жана 29 жаштагы жергиликтүү тургун А.У. Чүй облусунун Аламүдүн районунун 21 жаштагы тургуну А.М.ге кол көтөргөнү аныкталган.

Аныкталган эки жаран Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына алынып келип, окуянын жагдайын жана себептерин тактоо үчүн алардан көрсөтмөлөр алынды. Алардын көрсөтмөлөрү боюнча, ошол күнү А.М. Бостери айылына эс алууга келген жана ат майданынын аймагында орун алган «Вайт» кафесинде эс алып жүргөн. Болжол менен саат 03.00 чамаларында кафеден чыгып, эс алуу жайына жетүү үчүн таксистердин жанына басып барган. Ошол жерден жеке айдоочулук менен алектенген таанышын А.У. менен кезигип калган.

Өз ара сүйлөшүп жатканда, А.У. эки ай мурун 12 миң сом өлчөмүндөгү алган карызды качан берерин А.М.ден сураган. Ал эми А.М. финансалык кыйынчылыктан улам азырынча бере албастыгын айткан. Анда, А.У. андан кымбат кафеде эс алууга мүмкүнчүлүгү болуп, бирок карызды төлөөгө келгенде мүмкүнчүлүгү кандай жок экенин сураганда, А.М. оозго алгыс сөздөр менен жооп берген. Мындай жоопко кыжырланган А.У. кызуу кандуулук менен А.М.ди бир нече жолу муштап жибергенде, ал жерде турган башка таксистер аларды ажыратып коюшкан.

Андан кийинки териштирүүдө А.М. таанышы А.У.га эч кандай доосу жок экенин билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

Учурда Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы бул факты боюнча чечим кабыл алуу үчүн кошумча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 1709