• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Чолпонбаев: Президент камактагы саясатчыларга мунапыс жарыялайт

20 Жетинин айы 2018 21:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.11.2018.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн мурдагы башчыларынын жолугушуусунда камактагы саясатчылардын маселеси көтөрүлүп, аларга мунапыс берүү жөнүндө кеп болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев айтты.
«Камактагылардын маселесин биринчи Медеткан Шеримкулов, андан соң Абдыганы Эркебаев көтөрдү, дагы бир топ адам сүйлөдү. Ага жооп катары «жакында мунапыс чыгат» деп айтылды. Качан экени беймаалым. Бул мамлекеттин кызыкчылыгы жана ынтымагы үчүн. Президент буга макул экенин айтып, иш жүрүп жатканын белгиледи»,- деди Чолпонбаев.
Учурда Өмүрбек Текебаев, Бектур Асанов, Садыр Жапаров, Дүйшөнкул Чотонов баштаган бир канча саясатчы ар кандай айыптар менен камакта отурат.
Количество просмотров: 36