Ингушетиянын мурунку президенти Руслан Аушев Улуттук гвардиянын мурдагы командачысы Абдыгул Чотбаевдин уулунун тоюна катышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайты жазды.
Чотбаевдин айтымында, Ингушетиянын мурунку президенти бир жолу анын өмүрүн сактап калган. Кийин анын урматына уулунун атын Руслан койгон.
Атайы операция учурунда Руслан Султанович менин өмүрүмдү сактап калган. Ал кезде мен бойдок болчумун. Бирок кийин баламдын ысымын Аушевдин атынан коюп, үйлөнүү тоюна чакырам деп сөз бергем. Кече ал тойдо сыйлуу конок болду»,-деди Чотбаев.