• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өчпөс отту үйлөп өчүрөм деген бала кармалды

7 Чын куран 2021 16:47 Бишкек Govori.TV

Милициянын кайгуул кызматкерлери Өчпөс отту өчүргөн жаранды табышып, жакынкы милиция болүмунө жеткиришти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Социалдык сайттарда Бишкек шаарынын борборунда Өчпөс отту өчүргөн жарандын видеосу тараган. Анда белгисиз эки жарандын бири “Өчпөс отту мен өчүрөм” -деген ээнбаштык жоосуну видеого тартылып, коомчулукта катуу сын-пикирге алынган.

Бул видео чыгар замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 2003-жылы туулган Н.у. А. аттуу жаранды табышып, Свердлов райондук Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Кармалган учурда шектүү жаран кылган кылыгын мойнуна алып, тамаша “Хайп” үчүн жасагандыгын айтып, коомчулуктан кечирим сураган.

Азыркы учурда бул факты боюнча тийиштүү иштер жүрүүдө.

Количество просмотров: 1274