• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Чынар» дүкөнүндө жардыруу даярдалып жатканы тууралуу билдирүү калтырган жигит кармалды

25 Бирдин айы 2020 12:50 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан социалдык тармакка Бишкек шаарындагы «Чынар» дүкөнүндө жардыруу даярдалып жатканы тууралуу билдирүү калтырган жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

24-февралда Instagram’дагы билдирүүнүн алдына @_roma7unuzow аттуу колдонуучу «Бүгүн саат 17:30да «Чынар» дүкөнүндө теракт болот. Жардыруучу адам даяр, анын ата-энесине 2 миллион доллар төлөндү» деген комментарий калтырган.

Бул факт Жазык кодексиндеги 239-берененин 1-бөлүмү (терроризм актысын жасайм деп коркутуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө билдирүү калтырган жигит Чүй облусунун 2002-жылы туулган тургуну Ю.Р. экени аныкталды. Ал сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалып, УКМКга жеткирилди. Сурактын жүрүшүндө жасаган иши үчүн өкүнүп жатканын билдирди.

«Жардыруу тууралуу маалымат тастыкталган жок. Учурда тергөө иштери улантылып жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК жардыруу уюштурам деп коркуткан адам кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскертет. Жазык кодексиндеги 239-беренеге ылайык терроризм актысын жасайм деп коркуткан адам 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Количество просмотров: 72