Бүгүн, 21-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусунун кесепетинен дагы 4 адам көз жумду. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.
Алардын үчөө Бишкек шаарында, бирөө Талас облусунда дарыланып жаткан.
Муну менен өлкөдө коронавирус жана пневмония аныкталгандан кийин жалпы 1227 адам каза болду.