• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

COVID-19: Бир бейтапты дарылоонун дүйнө жүзү боюнча наркына жүргүзүлгөн мониторинг

24 Чын куран 2020 18:35 Бишкек Govori.TV

COVID-19 вирусу бар бир бейтапты дарылоонун дүйнө жүзү боюнча наркына жүргүзүлгөн мониторинг тууралуу Республикалык штаб маалымат таратты.

  • Кыргызстанда стационардагы COVID-19 вирусуна чалдыккан бир бейтапты дарылоонун орточу наркы оордугунун даражасына жараша 8000 сомдон 120 000 сомго чейин түзөт. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул акчага дары-дармектерге, стационарда калууга, медициналык каражаттарга, изилдөө жүргүзүүгө жана анализ тапшырууга кеткен чыгашалар кирген.
  • Кытайда бир COVID-19 бейтабын дарылоого кеткен чыгашалардын орточо деӊгээли 21,5 миӊ юань (3 миӊ доллардан ашык) каражатты түзөт, коронавирусу бар оор абалдагы бейтапты дарылоого 150 миӊ юан (21,3 миӊ доллар) кетет. Сейрек учурларда өтө оор абалдагы бейтаптарды дарылоого бир нече жүз миӊ юань, кээде 1 миллион юандан да (140 миӊ доллар) көп акча сарпталган.
  • Украинанын ар кайсы ооруканаларында бир бейтапты дарылоого, оорунун оордугуна, дарылоонун тактикасына карата, күнүнө болжол менен 300 гривенден (11$) 10 миӊ гривенге (370$) чейин кетет.
  • Санкт-Петербургда коронавирус илдетинин жеңил түрү менен ооруган бейтаптын бир күндүк дарылануусу 60 миң рублди түзөт. Эгерде оору орточо түрүнө өтсө, анда дарылоонун баасы бир күнгө 140 миң рублди түзөт. Бейтаптын оорусу оор түрүнө өткөндө дарылоонун баасы кымбаттайт – 202 миң рублди түзөт.
  • Өзбекстанда COVID-19 илдети менен ооруган орто абалдагы бейтаптын дарылануусуна 32 млн сум ($3160), оор абалдагы бейтаптын дарылануусуна 64 млн сум ($6320) чыгымдалат.
  • АКШда камсыздандырылбаган бейтаптарды алты күндүк ооруканага жаткыруу үчүн 73 300 АКШ доллар төлөп берүүгө туура келет, ал эми камсыздандырылган жарандар медициналык мекемелер камсыздандыруу компанияларынан сураган — 38 220 долларга бааланган сумманын бир бөлүгүн төлөшөт.
Количество просмотров: 322