• Жума 30 Тогуздун айы 2020

COVID күчөп, ооруканаларда орун жокпу? Министрликтин жообу

16 октября 2020 в 16:50 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөрдө Бишкектеги ооруканаларда коронавирус инфекциясы менен жабыркаган бейтаптар үчүн бош орундар калбай калганы тууралуу маалымат тарады. Буга байланыштуу саламаттык сактоо министрлиги түшүндүрмө берип, борбор калаада кайсы оруканаларда бош койкалар бар экенин айтты.

Маалыматка ылайык, 16-октябрь саат 16:00гө карата Улуттук фтизиатрия борборунда -7, Кыргыз-Түрк достук ооруканасында -9, Шаардык клиникалык ооруканасында -8 койка бар.

Ошондой эле аталган министрлик бейтаптардын кайрылуусу жана саламаттык сактоо мекемелериндеги бош орундар боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүп келе турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 152