• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Cузакта суунун жээгинен сөөгү табылган Сумая боюнча иш «киши өлтүрүү» беренесине өзгөртүлдү

30 Жетинин айы 2021 9:29 Бишкек Govori.TV

Cузакта суу жээгинен сөөгү табылган тогуз жаштагы Сумая Хосилжанова боюнча иш «киши өлтүрүү» беренесине өзгөртүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

«Алгач иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине дайынсыз жоголуу фактысы катары катталган. Бирок Сумаянын сөөгү табылгандан кийин «киши өлтүрүү» боюнча квалификацияланды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кылмыштын бетин ачуу максатында иш-аракеттер көрүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-ноябрда ,бир аптадан ашык убакыт бою изделип жаткан, 9 жаштагы кыздын сөөгү Арал айылындагы Көк-Арт суусунун жээгинен табылган. Ата-энесинин маалыматына ылайык, Сумая мектепке кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

Количество просмотров: 9230