• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Дүйнө чемпиону Акжол Махмудовго жердештери унаа белек кылышты

21 Аяк оона 2018 14:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.09.2018. Govori.TV
Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону аталган Акжол Махмудовго жердештери унаа белек кылды. Бул  тууралуу маалыматты спортчунун жердеши  Мырза Добутов аттуу жаран фейсбук  өздүк баракчасына жазып, сүрөтү менен кошо жүктөгөн.
Айта кетсек, Словакияда уюштурулган күрөш боюнча жаштар арсындагы дүйнөлүк чемпионатта 19 жаштагы Акжол Махмудов Кыргызстандын капчыгына 18-сентябрда коло медаль алып келген.
77 кг чейинкилер арасында күрөшкөн Акжол 1/16 финалда ирандык балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңген. Кийинки раундда дагы белоруссиялык Артем Валашковичтин үстүнөн мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Бирок чейрек финалда россиялык Ислам Опиевге утулуп, ал жарым финалда америкалык Камал Амир Бейдин үстүнөн жеңишке жетти. Анын жыйынтыгында А.Махмудов көңүл жубатуучу турнирде коло байге үчүн күрөшүү укугуна ээ болгон.
А.Махмудов кытайлык Юилана Юилана менен беттешип, 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Ал эми коло байге үчүн беттеште америкалык Камал Амир Бейди 8:1 эсебинде уткан.
Мунун жыйынтыгында Акжол Махмудов 2018-жылдагы күрөш боюнча жаштар арсындагы дүйнөлүк чемпионаттын коло медалын тагынды.
Эске салсак,  Ош облусундагы жердештери Бишкектен эки бөлмөлүү, Оштон бир бөлмөлүү батир жана акчалай сыйлыктарды белек кылышкан.
Количество просмотров: 16