• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 15 млн адамга жакындады

22 Теке 2020 18:21 Бишкек Govori.TV

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 14 млн 969 миң 649 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 616 миң 990 киши каза болгон. Ал эми 8 млн 486 миң 41 адам илдеттен айыкты.

Коронавирусту АКШда − 3 млн 902 миң 233 киши, Бразилияда − 2 млн 159 миң 654, Индияда – 1 млн 193 миң 78, Россияда − 787 миң 846, Түштүк Африкада − 381 миң 798, Перуда − 362 миң 87, Мексикада − 356 миң 255, Чилиде − 334 миң 683, Улуу Британияда − 297 миң 389, Иранда – 278 миң 827 адам жуктурган.

Количество просмотров: 71