Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда жапырт кармалган саясатчы, активист жана журналисттердин бөгөт чарасы карала баштады.
Сот залына алынып келинген УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дуйшөбаев журналисттерге кыскача комментарий берди.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.
23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.