• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Дүкөндөн акча жана азык-түлүк уурдаган жаран кармалды

15 Жетинин айы 2021 12:51 Бишкек Govori.TV

Маевка айылында дүкөндөн акча жана азык-түлүк уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ИИБне Маевка айылынын У.Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 7-ноябрында дүкөндөн акча жана азык-түлүктөрдү уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда.

Аталган факты Аламүдүн райондук ИИБнин КЖБР КР Кылмыш-жаза кодексинин 200 (Уурдоо) беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББнин Криминалдык милиция кызматкерлери жана Аламүдүн районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон 26 жаштагы И.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сотко чейинки териштирүүлөр улантылууда.

Количество просмотров: 215