• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Дагы 5 медицина кызматкеринен коронавирус оорусу аныкталды

10 Жетинин айы 2020 12:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-ноябрга карата өлкө аймагында дагы 5 медицина кызматкеринен коронавирус оорусу аныкталды. Алардын ичинен экөө Талас облусунда, үчөө Ысык-Көл облусунда эмгектенет.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, бир суткада стационардан 3, үй карантинден 6 медкызматкер чыгарылган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19 диагнозу жалпы 3654 медицина кызматкеринен аныкталды. Алардын ичинен 3445 адам айыккан.

Количество просмотров: 41