• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Дайынсыз жоголгон 13 жаштагы кыз табылды

30 Теке 202212:37 Бишкек Govori.TV

Дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Каныкей табылды, — деп билдирет Бишкектин Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы.

Милициянын билдирүүсүнө караганда, 30-июлда дайынсыз болуп жаткан Каныкей Жакшыбаеванын ата-энеси ошол эле күнү болжол менен саат 04:00дө кызы Жалал-Абад облусундагы үйүнө келгендигин кабарлашкан.

Белгилей кетсек, Ленин райондук милициясына 29-июлда И.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 25-июлда саат 17:00дөр чамасында 13 жаштагы тууганы Каныкей Жакшыбаева Жалал-Абад облусундагы үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегенин билдирген.

Ошондой эле издөө иштеринин жүрүшүндө Каныкей Жакшыбаева 26-июлда Бишкектин Турусбеков көчөсүндөгү мейманкананын эки күндүн жашоосун төлөп, 27-июлда саат 14:30да ал жерден чыккан бойдон белгисиз болуп жаткандыгы аныкталган.

Учурда милиция окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Количество просмотров: 246