• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Даниэль Ажиев эки айга камалды

6 Кулжа 2023 11:06 Бишкек Govori.TV

Көп сандагы вебкам студияларды уюштурган деген негизде кармалган Даниель Ажиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Govori.TVга Биринчи май райондук сотунун басма соз кызматы билдирди.

Соттун чечимине ылайык, Ажиев 29-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Буга чейин Э.А. аттуу жарандын арызынын негизинде Ажиев жетектеген «трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын УКМК кабарлаган. Вебкам студияларынын оператору болуп турган Э.А. аттуу жаран арызында эмгек тартибин бузган деген негизде Н.Ш. деген администратордун психологиялык басымына кабылганын, ал коркутуу жолу менен 2000 доллар талап кылганын айткан.

«Д.А.га таандык үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүгө негиз болуп, ал жерлерде 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акчага интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулган 80 даана компьютердик техника болгон. Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттердин аймагында да Д.А. тарабынан түзүлгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, эбегейсиз киреше алып турган “моделдер” делген кыздарды тарткан», — деп жазылган маалыматта.

Кылмыш ишинин алкагында бул топтун активдүү 3 мүчөсү кармалып, аларга тиешелүү айып тагылган.

Д.А. 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланып, УКМКнын суранычы менен Өзбекстандан БАЭге учууга аракет кылып жаткен жеринен кармалган.

Количество просмотров: 61