• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Дарыгер чыры: Сокулукта мурдагы жетекчи менен дарыгер отургуч талашып урушту

27 Үчтүн айы 2020 18:47 Бишкек Govori.TV

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында Жалпы дарыгерлер практика борборунун мурдагы башчысы үй-бүлөлүк дарыгерге кол салды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Медетбек Бостаев аттуу жаран дарыгердин иш бөлмөсүнө кирип келип, ызы-чуу чыгарган.

 «Ал бөлмөдөгү иш кагаздарды сапырып, аял кишиге кол көтөрдү. Мурда жетекчилик кызматты ээлеп турган абалынан пайдаланып, жабыркаган дарыгерди мыйзамсыз жумуштан кетирүүгө аракет жасаган. Бирок эки жолу соттон утулуп калган»,-деп билдирген күбө.

Ал эми Жаңы-Жер айылындагы башкы дарыгер Шухрат Тажибаев мурдагы жетекчи менен дарыгердин отосундагы пикир келишпестикти ырастап, аял кишиге кол көтөрүү болбогонун билдирген.

«Күн мурун 70 жаштагы дарыгер мурдагы жетекчинин иш бөлмөсүндөгү отургучун көтөрүп кеткен. Ушундан улам экөөнүн ортосунда чыр чыккан»,-деп билдирген Шухрат Тажибаев.

Катталган факт боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгы окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, дарыгерлердин айланасындагы биринчи жолку көрүнүш эмес. Буга чейин социалдык тармактарда дагы аялдын дарыгердин иш бөлмөсүндө чатак чыгарган видеосу тараган эле.

Количество просмотров: 159