• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Дарыгер, мугалим, капитан. COVID менен пневмониядан каза болгондор

20 Теке 2020 13:05 Бишкек Govori.TV

Айчүрөк Келдибекова

Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Айчүрөк Келдибекова 55 жашында көз жумду. Ал Ноокат райондук ооруканасында COVID-19 илдетине чалдыккан адамдарды дарылап, иштеген.

Улугбек Умаров

Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн укук колдонуу тажрыйбасынын улук инспектору, милициянын капитаны Умаров Улугбек Усманалиевич 43 жашында коронавирустан каза тапты. 

Темиркан Жарматова

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери 65 жаштагы Жарматова Темиркан Досатовна коронавирус инфекциясынан каза болду.

Шайназар Закиров

Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынан дарыгери Шайназар Закиров коронавирус илдетинен улам көз жумду. Дарыгер 53 жашта болчу. Анын артында үч баласы калды.

Марлен Калиев

Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин биринчи катчысы Марлен Калиев пневмония илдетинен көз жумду.

Нурланбек Асылгазиев

Бишкек мэриясынын Шаар куруу жана архитектура департаментинин кызматкери Нурланбек Асылгазиев пневмониядан каза болду. Ал 1972-жылы 24-мартта Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында туулган. Нурланбек Асылгазиевдин артында жубайы жана беш баласы калды.

Жыргал Көбөгөнова

Белгилүү актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жыргал Көбөгөнова 72 жаш курагында пневмония илдетинен 13-июлда каза болду. Жыргал Көбөгөнова 1948-жылы 1-январда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында төрөлгөн. Сахнада жыйырмадан ашык спектаклде ойноп, түрдүү образдарды жараткан.

Рустам Кожобеков

Эки тараптуу пневмониядан улам тергөөчү Рустам Кожобеков 48 жашында дүйнө салды. Кожобеков прокуратура органдарында 2005-жылдан бери иштеп келген.

Эрмек Төрөкулов

Эки тараптуу пневмониядан улам Эрмек Төрөкулов 50 жашында көз жумду. Төрөкулов прокуратура органдарында 1996-жылдан тартып эмгектенип келген.

Адинай Мырзабекова

Бишкекте күндүзгү стационарда иштеген Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын студенти Адинай Мырзабекова пневмониядан каза болду. Ыктыярчы кыз стационарлардын бириндеги абалы орто жана жеңил бейтаптарды тейлеп иштеп жаткандыгына 11 күн болгон.

Турат Кулжабаев

Бишкекте пневмониядан хирург адис Турат Кулжабаев каза болду. Кулжабаев 45 жашта болчу. Эмгек жолун Улуттук госпиталда баштап, акыркы он жылдан бери бул мекеменин проктология бөлүмүндө иштеп келе жаткан. Маркумдун артында жубайы жана үч уулу калды.

Эльнура Музаева

Бишкек шаарындагы №78 мектептин жетекчиси Эльнура Музаева мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Музаева Эльнура Турдукуловна Талас облусунда 1966-жылдын 18-сентябрында туулган. Билим берүү тармагына 30 жыл өмүрүн арнап, анын ичинен 8 жыл борбордун №78 мектебинин директору болуп эмгектенген. 

Бейшекан Калиева

Саламаттыкты сактоо министринин мурунку орун басары, өлкөнүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун биринчи директору, Саламаттыкты сактоо мектептеринин улуттук координатору Бейшекан Калиева көз жумду. Ал Республикалык инфекциялык ооруканада пневмония илдетинен дарыланып жаткан.

Чубак ажы Жалилов

Экс-муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак Жалилов пневмониядан улам каза болду. Чубак ажы Жалилов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Мундуз айылында 1975-жылы 21-январда жарык дүйнөгө келген.

Чыныбай Турсунбеков

Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Чыныбай Турсунбеков эки тараптуу пневмониядан улам Улуттук госпиталда 6-июлда кечинде каза болгон. Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын облусунун Нарын районундагы Жан-Булак айылында туулган. 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына депутат, парламенттеги КСДП фракциясынын лидери болгон. 2015-жылы кайрадан Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында депутат болгон.

Мукар Чолпонбаев

Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында 70 жашында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болду. Чолпонбаев Жогорку Кеңештин спикери катары 1995-1997-жылдары эмгектенген.

Эрмек Носинов

Хирург, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Носинов Эрмек Маратович Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө көз жумду. Эрмек Носинов 1974-жылы Аламүдүн районундагы Карл Маркс совхозунда туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн, Улуттук госпиталдын Ахунбаев атындагы клиникасынын кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн базасында жалпы хирургия бөлүмүндө клиникалык ординатурасын аяктаган.

Количество просмотров: 5508