• Жума 17 Аяк оона 2021

Дашковдун коргоо тартибинин бузулушуна жол бергендер кызматтан алынды

28 августа 2021 в 20:33 Бишкек Govori.TV

“Бикард” медициналык борборунда дарылануудан өтүп жаткан тергөө-камакка алынган В.А.Дашковдун коргоо тартибинин бузулушу боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26-августта бузууларга жол бергендиги үчүн КР УКМК тергөө абагынын башчысы М.М. жана орун басары Т.У. тергөөдө жаткан адамдарды кармоо, аларды коргоо жана коштоо тартибин сактоого жооптуулар кызмат ордуларынан бошотулду.

Мындан тышкары, тергөө камакка алынган Дашков В.А. КР УКМКнын тергөө камак жайына кайтып киргизилди.

Буга чейин социалдык тармактарда Дашков “Бикард” клиникасынын жанында аял киши менен сүйлөшүп отурган видеосу тараган.

Количество просмотров: 138