• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Дастан Бекешев кызматтык батирлерди менчикке өткөрүүнүн убактысын кыскартууну сунуштады

5 Чын куран 2023 14:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 5-апрелде Парламенттин жалпы жыйынында  Дастан Бекешев Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору тууралуу маалымат берди.

Ал белгилегендей, бул мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеп, турак жай көйгөйлөрүн тарткан адамдардын укуктарын ишке ашыруу, ошондой эле кызыкчылыктарын эске алуу максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, аталган мыйзам долбоорунун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: кызматтык турак жайды менчиктештирүү мөөнөтүн кыскартуу (20-жылдан 10-жылга кыскартылат); мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеген адамдардын кызматтык турак жайды менчиктештирүүсүнө тыюу салуу.

Анын айтымында кээ бир учурда президент тарабынан белек катары берилген үйлөр дагы документте кызматтык үй болуп катталып калганына байланыштуу, аны өзүнө өткөрүүдө маселе жаралууда.

Бул тууралуу Айбек Осмонов учурда ушундай турак-жайга муктаж канча жаран бар экенине кызыкты. Мындан сырткары буга чейинки бийликтин башында тургандардан белек катары алган үйлөрүн дагы өзүнө өткөрө албай жүргөндөргө күбө болуп жүргөнүн айтты.

Количество просмотров: 178