• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Делбирим» тасмасынын бет ачары 5-декабрда Айтматовдун туулган күнүн утурлай болот

21 Жетинин айы 2018 9:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.21.11.2018.Govori.TV
Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» повестинин негизинде, кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан «Делбирим» тасмасынын бет ачары, Бишкекте 5-декабрда болот. Бул тууралуу кинотасманын Кыргызстандагы продюсери Паризат Жакыпбекова айтты.
Продюсердин айтымында, тасманын Өзбекстандагы бет ачары 16-ноябрь күнү болуп өткөн. Ташкент шаарында өткөн бет ачарга кыргыз интеллигенция өкүлдөрү дагы барып катышып,көп эл келгенине күбө болуп кайтышкан.
Тасманын узактыгы 1 саат 40 мүнөт. Анын негизги бөлүгү Өзбекстандын Ташкент жана Наманган шаарларында, акыркы эпизоддорду Кыргызстандын Балыкчы шаарында тартылган.
Ильястын ролун белгилүү өзбек актёру Адиз Ражапов ойносо, Байтемирди Улугбек Кадыров ойноду. Ал эми Аселдин образын кыргыз актрисасы Мадина Талипбек жаратса, Кадичаны Элина Абай кызы аткарды.
Тасманын кыргызстанда өтө турган бет ачары Чыңгыз Айтматовдун туулган кунүн утурлай коюлат.
Количество просмотров: 16