Улуттук гвардиянын 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Бишкектин «Ала-Тоо» аянты эки күнгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-июлда саат 06:30дан 08:00гө чейин даярдык иштерине карата унаалар үчүн жол жабык болду. Ал эми 17-июлда саат 17:00дөн 20:00гө чейин майрамдык иш-чарага байланыштуу аянт жабылат.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, айдоочулардан алдын ала каттамды тандап алуусун эскертет.