• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Депутат аны токтоткон МАИ кызматкерлерин жумуштан алууну айтты

31 Бугу 2021 12:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-майда, бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында, Нышанов Токтогул өтмөк пунтктунда аны автоинспекторлор токтоткондугун, бирок унаасынын жанына басып келбегенин айттып нааразы пикирин билдирди.

«Мен 3-4 мүнөт күтүп, андан кийин кетип калдым. Видеодон деле көрсөңөр болот. Будканын жанында камералар бар болчу. Алар кимге иштеп жатышат? Эгер ушинтип иштей турган болсоңор демек, президенттин душманысыңар, элдин душманысыңар. Аларды жумуштан бүгүн кетириш керек, эртең кеч болот», — деди депутат.

Ошондой эле анын айтымында, Сосновка айылындагы постто турган инспекторлор бардыгынан акча алышат.

«Алар үчүн 20 сом алганы учурушканга барабар. Кээде 100 сомго чейин алышат экен. Алардын айлыгы 19-20 миңге чейин көтөрүлбөдүбү. Постто тургандарга дагы кошуп бериш керек окшойт», — деп кошумчалады Нышанов.

Эл өкүлүнүн билдирүүсүнө жооп берген Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ИИМдин кызматкерлери анын ичинде инспекторлор элге кызмат өтөөгө милдеттүү экендигин белгиледи.

«Туура айтып жатасыз. Биз бардык постторду борбордук аппарат менен бириктирүүнү пландаштырып жатабыз. Коррупциянын алдын алуу максатында камераларды орноттук. Инспекторлордун ишине көзөмөл жүргүзүп, маалыматты тактап, чараларды колдонобуз», — деди ал.

Теги:
Количество просмотров: 2691