• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

МАИчилерге «Тайкеме чалсам, жумуштан кетип каласың» деген жигит Саркуловдун тууганыбы?

18 Аяк оона 2019 9:59 Бишкек Govori.TV

Мас абалында унаа башкарып бара жатып кармалган жаран алардын айткандарын аткарбай, Ыманалы Кадырбаевичке чалып коем, кызматыңдан кетип каласың деген сыяктуу сөздөрдү айтып МАИ кызматкерлери коркуткан. Бул тууралуу видео соц.тармактарга жарыяланып түрдүү пикирлер айтылган.

Ал видеодо Ыманалы Саркулов бир тууган тайкем деген жаш жигит, анын МАИ кызматкерлери кое берип коюусун талап кылып жатканын көрүүгө болот.

Ал эми аты аталган ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орунбасары, милициянын полковниги Ыманалы Саркуловго мас абалында кармалган жигитти алып келгенде алар эч кандай туугандык жайы жок экени белгилүү болду. Менин бир тууган тайкем деп жаткан жарандан Ыманалы Саркулов мени таанысыңбы деп суроо узатканда, «жок» деп жооп берген. Ал эми Саркулов «көрүп жүрдүң беле мени» — деген суроо узатканда, жигит «ооба белгилүү эле адамсызда» деп жооп берген.

"SAFARI" представляет:"Ыманалы Кадырбаевич" и его "родственник"? Оставьте свое мнение в комментарии!Максимальный репост!!!

Опубликовано Искен Афиджанов Вторник, 17 сентября 2019 г.

Количество просмотров: 261