Бишкек.28.02.2019.Govori.TV.
Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирээри менен ЖКККМБ кызматкерлери пара алуунун жаңы ыкмасын ойлоп табышты. Бул тууралуу депутат Дүйшөн Төрөкулов ЖКнын жалпы жыйынында билдирди.
«Маичилер камера жок жерлерге туруп алышып, айдоочулар менен соодалат, алар белгиленген айып пулга караганда аз сумманы айдоочулардан талап кылышат жана алган акчаны чөнтөктөрүнө салышат. Бул көйгөйдү тез арада чечпесе болбойт»,-деди эл өкүлү.
Эске салсак, «Коопсуз шаар» долбоору 12-февралдан тарта иштеп баштаган. Бишкектин 10 кесилиине жол эрежелерин тартып алууга арналган камералар коюлган.