Бишкек.28.02.2019.Govori.TV
Бүгүн Жогорку Кеңеште кезектеги жыйын болуп жатат, анда кандай маселелер каралууда. Жыйында ЖК депутаты Эмил Токтошев бензиндин баасы жогору болуп жатканына наарызы болду.
«Бүгүнкү бензиндин баасы АИ-92 нефтебазаларда 18,8 сом, май куюуучу жайларды — 40,9 сом, ал эми дизель — 30 сом жана 44,5 сом. Айырмасы — 20 пайыздан ашып жатат. Бир нече күн мурун нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси берген интервьюсунда дүң баа менен чекене баанын айырмасы 10 пайыздан ашпоосу керек дептир. Анын айткандарына таянсак бензиндин баасы 36 сомдон болуусу керек»,-деди эл өкүлү.
«Жазгы талаа иштери башталды, же дыйкандардын продукциясын сатканга жардам бербесек, же бензиндин баасын тушурбөсөк аларга ким кам көрөт»,-деп кошумчалады Эмил Токтошев.
Депутат монополияга каршы агенттигинин атына заты жарашпай калганын айтып, ишине нааразы болду.